Британиядагы букмекердик кеңселерге ишене турган болсок, анда ал кыз экени талашсыз жана Диана анын күтүлгөн ысымдарынын бири болушу мүмкүн.
"William Hill" букмекерлик агенттиги бир нече күн мурун королдук түгөйлөр кыздуу болот деп ишенген адамдардан "топон сууга" агылгандан кийин, наристенин жынысы тууралуу божомолдорго эшикти жаап салган.
Азырынча күтүлгөндөрдүн тизмесинде жаңы королдук ымыркайдын аты "Диана" турат.
Виктория, Элис, Грейс жана Элизабет деген ысымдар Дианадан кийин келет.
Ал эми Альберт, Артур жана Джеймс деген ысымдар наристенин эркек бала болорун божомолдошот.