Жер түбүнөн келген үндөр Түркиядагы бир айылдын тургундарынын жүрөгүн үрөй учурат
Түркиянын бийликтери жер астынан келген үндөрдү уккан тургундардын даттанууларынын фонунда жеринде иликтөө жүргүзгөн.
Түркиянын «Заман» гезити жазганына караганда, Саард штатындагы Майдандара айылынын тургундары үндөр коркунучтуу экенин айтып, алардын булагын ачыкка чыгарууну талап кылышкан.
Экспертизадан кийин шаардын өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар башкармалыгы билдирүү таратып, аймактын тургундары уккан үндүн себеби аныктала электигин, окуянын өнүгүшүнө байкоо салынарын билдирди.
Аймактын башчысы Нежметтин Байкара жер астынан чыккан үндөрдү угуп, эки жумадай мурда бир нече секундага созулган жер титирөөнү сезген айыл тургундарынын өтүнүчү менен Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар министрлигине кайрылган болчу.
Өз кезегинде шаардагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар бөлүмүнүн директору бир нече ирет жеринде экспертиза жүргүзгөнүн айтып, даярдала турган геологиялык изилдөөлөр боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилерин кошумчалады.